Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кочкор районундагы 20 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгынын доосун Нарын  облусунун соту канааттандырды. Соттун чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин бузуу менен чыгарылган Кочкор райондук  мамлекеттик  администрациясынын 19.11.1997-жылдагы №541-буйругунун 2-пункту жараксыз деп табылды. Тактап айтканда, “Бакыт” кичи сүт-товар фермердик чарбасына тиешелүү 10 гектар сугат айдоо аянты жана 10 гектар жайыт жери мамлекетке кайтарылды.

Show More
Back to top button