2025-жылдын 6-февралында Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Башкы бажы башкармалыгынын жетекчиси, Сунь Мэйцзюнь айым менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, анын ичинде соода-экономикалык мамилелер жана бажы жаатындагы өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Баштапкы сөзүндө Бакыт Төрөбаев Сунь Мэйцзюнь айымды Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын жаңы партиялык комитетинин катчысы болуп дайындалгандыгы менен куттуктап, анын жетекчилиги астында Кыргызстандын жана Кытайдын ортосундагы кызматташтык улантыларын ишеним менен билдирди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кытайда Жаз майрамы белгилениши менен куттуктап, “бул маанилүү майрам Кытайдын жаңылануусун жана келечекке болгон үмүтүнүн символдойт. Жаңы жыл ар бир үй-бүлөгө бакыт, ийгилик жана гүлдөп-өнүгүү алып келсин, ал эми биздин өлкөлөр ортосундагы байланыштар бекемделип, өнүгө берсин”, – деп кошумчалады.
Жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Кытайга экспорттоочу товарлар боюнча, анын ичинде фасоль, жүн жана кашемир, тоок эти жана субпродуктулар боюнча кол коюлган протоколдордун мааниси талкууланды. “Бул протоколдор маанилүү кадам болуп саналат жана биздин соода-экономикалык байланыштардын өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болот”, – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев. Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев эки өлкө арасындагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнө өзгөчө көңүл бурду. 2019-жылдан 2023-жылга чейин товар жүгүртүүсү дээрлик үч эсе өстү. 2023-жылы Кыргызстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү 5433,7 млн. АКШ долларын түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 31,6%га өскөндүгүн жана 2024-жылдын январь-ноябрь айларында да товар жүгүртүүсү 6,9% га өскөндүгү, бул эки тараптуу сооданын ийгиликтүү динамикасын көрсөтөт деп белгиледи.
Министр ошондой эле жаңы протоколдордун маанилүүгүн баяндап, анын ичинде кургатылган мөмөлөрдү, жемиштерди, көкдөндөрдү жана жаңгактарды, ошондой эле малдын терисин жана этин термикалык иштетүү боюнча протоколдорду кол коюуга кызыкдар жкендигин билдирди. “Бул товарлар Кытай базарында чоң суроо-талапка ээ болоруна жана биздин экспортчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турганына ишенебиз”, – деп кошумчалады.
Кыргызстанга товарларды экспорттоонун потенциалын кеңейтүү жана сооданы өнүктүрүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышы Кытайдын талаптарына ылайык келүү жөнүндө билимди жакшыртууга багытталган механизмдерди киргизүү маселеси да талкууланды. Бакыт Төрөбаев Кытайдын сертификациялоо органдарынын өкүлчүлүгүн Кыргызстанда ачуу сунушун киргизди, бул Кытайга экспорттоочу товарларды сертификациялоону жеңилдетүүгө жана рынокко кирүүнү камсыз кылууга жардам берет. Жолугушууда ошондой эле кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында “Бедел” өткөрмө пунктунун курулушу жана жабдуулары боюнча маселелер да талкууланды, бул эки тараптуу соода жүгүртүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Акырында Бакыт Төрөбаев Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө болгон ниетин баса белгиледи. “Биздин биргелешкен аракеттерибиз эки өлкөнүн соодасын жана көптөгөн ийгиликтүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга көмөктөшөт, бул биздин өлкөлөргө жана элдерге пайда алып келет”, – деп билдирди ал.