Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Б. Төрөбаев Кытайдын компания өкүлдөрү менен келечектеги кызматташтыкты талкуулады

Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Б.Э. Торобаев Кытайдын компанияларынын жана уюмдарынын өкүлдөрү менен бир катар маанилүү жолугушууларды ийгиликтүү өткөрүп, келечектеги долбоорлорду жана кызматташтыкты талкуулашты. Талкууланган негизги маселелердин арасында Heze Water Group Co., Ltd. компаниясы менен Улугчат Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунда көзөмөл кампасын (складын) куруу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Жолугушууда аталган долбоорду ишке ашыруунун маанилүү аспекттери каралып, келечектеги кадамдар белгиленди. Талкууланган негизги долбоорлордун арасында төмөнкүлөр болду: 

• Бедел өткөрүү пунктун куруу долбоору. Өткөрүү пунктунун ачылышы Кытай, Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода байланыштарын чыңдоого жардам берет. Кытай тараптан буга чейин Аксуу шаардык соода башкармалыгы менен байланыш түзүлүп, келечекте бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Аксуу шаардык инвестициялык курулуш тобу менен биргеликте иш алып баруу пландалууда. 

• Кыргызстанда фермерлерди колдоо борборлорун куруу долбоору. Айыл чарба техникаларын жана фермерлерди колдоо боюнча адистешкен «Байдыйкан» ишканасынын ишмердүүлүгүн кеңейтүү максатында республика боюнча кошумча 34 борбор куруу пландалууда. Heze Water Group Co., Ltd компаниясынын жалпы инвестициясы болжол менен 17 миллион АКШ долларын түзөт. Долбоор айыл чарбасын өнүктүрүүгө олуттуу колдоо көрсөтүп, кошумча жумуш орундарын түзүүгө жардам берет. 

• Эркечтам көзөмөл-өткөрүү пунктунда контролдук кампаны куруу долбоору. Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынан уруксат алган “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пунктунун көзөмөл кампасы импорттук дан эгиндерин кабыл алуу үчүн колдонулат. Долбоорлоонун жана уруксат алуунун бардык этаптары аяктады. 

• Барскоон – Үч-Турфан – Аксуу автожолун куруу долбоору. Аксуу менен Бишкекти байланыштырган Бедел өткөрүү пункту аркылуу жаңы соода жолунун түзүлүшү жолду 437 чакырымга кыскартып, Кытай, Кыргызстан жана Борбор Азиянын ортосундагы маанилүү соода артериясына айланат. 

• Ысык-Көлгө жакын жайгашкан Барскоон айылында мейманкана куруу долбоору кытайлык өнөктөштөрдүн катышуусунда Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги биринчи долбоор болуп, Кыргызстанга кошумча туристтерди жана бизнес-өнөктөштөрдү тартып, туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө түрткү берет. 

• Карбамид өндүрүүчү заводду куруу долбоору. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана Кыргызстандын айыл чарбасынын экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн карбамид өндүрүүчү завод куруу пландалууда. Долбоор өлкөнү керектүү минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылып, импорттук жеткирүүлөргө болгон көз карандылыкты азайтууга жардам берет.

• Аксуу жүгөрү комбинатын модернизациялоо долбоору (АКПЗ). Москва районундагы Беловодское айылындагы заводдун модернизацияланышы продукциянын сапатын жакшыртууга жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Завод жылына 270 миң тоннага чейин жүгөрү иштетип, өз продукциясын эл аралык рынокко чыгарат. 

Мындан тышкары, малдарга арналган вакцина даярдоо менен алектенген Jilin Teyan Biotechnology Co., Ltd. компаниясы менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда Кыргыз Республикасына ветеринардык вакциналарды жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, бул өлкөдө ветеринария жана айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасир этерин белгилешти. Jilin Teyan Biotechnology Co., Ltd. бодо малдын, майда малдын, үй канаттууларынын жана башкалардын ар түрдүү мал ооруларынан сактоочу вакциналарды чыгаруучу завод куруу каалоосун билдиришти. 

Иш-сапардын дагы бир маанилүү жагы болуп Кытай айыл чарба илимдер академиясы жана China Telecom компаниясы менен “акылдуу ранчо” технологияларын киргизүү маселеси болду. Жолугушуу учурунда Кыргызстанда айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана туруктуулугун арттыруу үчүн санарип технологияларды колдонуу, мал чарбачылыгы жана агробизнестеги процесстерди санариптештирүү боюнча инновативдүү чечимдерди колдонуунун келечеги талкууланды. Эки тарап акылдуу ранчо технологияларын киргизүү долбоорунун алкагында кызматташуу боюнча макулдашты, бул Кыргызстандагы айыл чарбасынын өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачмакчы.

Show More
Back to top button