Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бардык облуста фермерлер үчүн семинар өткөрүлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти 2025-жылдын февралынан июнуна чейин “Топурактын асылдуулугун жогорулатуу, топуракты анализдөө, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо жана карантиндик чаралар” деген темада фермерлерге жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын адистерине окутуучу семинарларды өткөрүүнү пландаштырууда. Семинарлар бардык облустарда (1-2 жерде) пландаштырылып, 400дөн ашык адамды камтыйт. 

Негизги максаты – топурактын асылдуулугун жогорулатуу, өсүмдүктөрдү коргоо, пестициддерди коопсуз пайдалануу маселелери боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн билимин жана потенциалын бекемдөө болуп саналат. Семинарларга каттоо, өткөрүү жайы, графиги боюнча кененирээк маалыматты Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин башкы адиси Султанбек кызы Гүлзардан тактап биле аласыздар. Тел.: 0705 529-229 (Ватсап). 

Эскертүү: катталуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу малыматтарды толтуруңуз

 Маалымдама: Өсүмдүктөрдү коргоо – зыянкеч, илдет, отоо чөптөрдүн жана башка зыяндуу факторлордун айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнө олуттуу зыян келтиришин алдын алууга багытталган стратегиялардын жыйындысы. Азыркы учурда, агротехникалык жана биологиялык методдор менен катар өсүмдүктөрдү химиялык коргоо ыкмасы бардык жерде жана кеңири колдонулууда. Бирок пестициддер туура эмес колдонулса, алардын калдыктары жер-жемиштерде сакталып, топуракка же жер астындагы сууга сиңип кетиши мүмкүн экендигин эске алуу керек.

Show More
Back to top button