Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрдү. Ага райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын башчылары катышты. Жыйында 2024-жылдын жыйынтыгы тууралуу маалымат берилип, 2025-жылга карата иш план бекитилди. Айта кетсек, 2024-жылы Ветеринардык кызмат үчүн жемиштүү жыл болду. Өткөн жылы бекитилген бюджет 956 347,2 миң сом, ал эми такталган бюджети 1 105 027,5 миң сом болду. Анын ичинен 1 060 481,5 миң сому каржыланды же бюджеттин аткарылышы 96,0% түздү.
Эпизоотиялык абал:
2024 – жылдын 12 айда республика боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотияга каршы иш-чаралар жалпы 26 088,1 миң баш малга жүргүзүлдү. Бекитилген план 110 %га аткарылды.
Ветеринардык көзөмөл:
Ветеринардык кызмат тарабынан ишкердик субьекттерди 2024-жылдын III-IV-квартал гана текшерүүлөр жүргүзүлгөн, же 2918 субъект макулдашылган, анын ичинен тамак-аш коопсуздугуна тиешелүү болгон 2498 субьект текшерилип, 644 көрсөтмө берилип, ветеринардык-санитардык талаптар жана көрсөтмөлөр аткарылбагандыктан жалпы 2 858 000 (424 субъектке) млн сом өлчөмүндө айып салынды.
Ишканалардын реестри:
Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине 2024-жылдын 12-айында 83 ишкана киргизилди, жалпысы 434 ишкана болду. Кытай Эл Республикасынын Реестринде 20 ишкана (13 сүт азыктары, 11 аарычылык, 2-балык кайра иштетүүчү ишкана жана 4-тамак аш колдонуулбачуу азыктар); Өзбек Республикасынын Реестринде 49 ишкана (18 сүт азыктары, 11 эт азыктары, 11 аарычылык, 9 балык азыктары); Турция мамлекетинин Реестринде 12 ишкана кирген.
Мал базарлар боюнча:
Республикада 43 мал базар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген мал базарлардын саны 18, берилген кѳрѳтмѳлѳрдү аткарбагандыгы үчүн Ноокат жана Москва районундагы 2 базардын ишмердүүлүгү токтотулган, ал эми 25 мал базарга райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык келтирүү боюнча оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. 2024-жылы 7 жаңы мунициапалдык мал базарлар курулуп ишке берилди, алар: Баткен, Ноокат, Токтогул, Тоң, Лейлек, Айтматов, Сокулук райондорунда. Учурда дагы 5 мал базар курулуп жатат алар: Кадамжай, Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа райондорунда, жакынкы күндө ишке берилет.
Мал союучу жайлар:
Ветеринардык кызматтын Реестринде 116 мал союучу жай катталган, анын ичинен 11 мал союлуучу жай ЕАЭБдин бирдиктүү Реестрине катталган (КХ “Рейна Кенч”, ЖЧК “Торо”, ОАО “Келечек”, ЖЧК “Адал-Азык”, ЖЧК “Ала-Бука Жалал-Абад Кыргыз Эт”, “КФХ Алмаз”, ИП:Базарбаева.З, ИП:Кучкаров.Ф.Н, ЧП:Эралиев.Э, ЖЧК “Восточно-импортноэкспортная компания”, ЖЧК “Дордой Балыкчы”). Мал союучу жайы жок райондорго жана шаарларга мал союучу жай салууга көмөк көрсөтүү боюнча Ветеринардык кызматы тарабынан бир катар иштер жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен Ат-Башы, Ак-Талаа, Ноокат, Ысык-Көл, Кадамжай, Жайыл, Талас, Сокулук, Москва, Лейлек, Тоң райондорунда жана Бишкек, Каракол шаарларында мал союучу жайлар курулуп, ишке берилди.
Чек ара ветеринардык көзөмөлдөө:
Республиканын аймагында жалпысынан 30 ветеринардык көзөмөлдөө пунктары иштейт, анан ичинен: 19 пункт мамлекеттик чек арада, 4 пункт убактылуу сактоочу жайларында, 5 пункт темир жол станцияларында жана 2 пункт эл аралык аэропорттордо. Чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктарында 2024-жылдын 12 айында импорттоодо 107 мыйзам бузуу фактылары катталып, артка кайтаруу актылары түзүлгөн. Анын ичинде: Казахстанга – 86 артка кайтаруу актысы, Өзбекстанга – 11 артка кайтаруу актысы, Орус Федерациясына – 8 артка кайтаруу актысы, Түркия Республикасына – 1 артка кайтаруу актысы, Кытай Эл Республикасына – 1 артка кайтаруу актысы.
Санариптеширүү боюнча:
Ветеринардык кызмат тарабынан жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө маалыматтык системасынын базасында импортолуп келген жаныбарлардан алынган азыктардын кыймылына байкоо жүргүзүү боюнча маалыматтык системасы иштелип чыгып ишке киргизилди. Бул маалыматтык система аркылуу импортолуп келген жаныбарлардан алынган азыктардын кыймылына толук кандуу көзөмөл жүргүзүү мүмкүнчүлүгүно ээ болбобуз. Система контрабандалык, контрафакттык таварларга каршы күрөшүүдө жана өлкөнүн калкынын тамак-аш коопсуздугун камсыздоого чоң мүмкүндүк берет.