Баткен облусунда заманбап “Роналдо” мал чарбачылыгы ийгиликтүү өнүгүп, туура инвестициялар жана туруктуу ишмердүүлүк чоң ийгиликтерге алып келерин көрсөтүүдө. Жергиликтүү чарбалардын биринде сүт өндүрүшү бар көп тармактуу ишкана иш алып барууда. 2023-жылы жогорку өндүрүмдүү мал чарбачылыгына инвестиция салуу чечими кабыл алынып, Чехиядан элиталык Симментал породасындагы уйлар алынып келинген. Бир жыл ичинде малдын саны 125 башка жетип, күнүмдүк сүт өндүрүү көлөмү 1,8 тоннага жеткен. Ишканада заманбап технологиялар колдонулуп, автоматташтырылган саан цехи курулуп, квалификациялуу адистер иштешет, бул өндүрүштүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууда. Мал чарбачылыктан тышкары, ишкана багбанчылыкты да өнүктүрүп, ижарага алынган жерлерде келечектүү алча багын негизделген. Учурда ишкананын өзүнүн сүт иштетүүчү заводунун курулушу аяктоо алдында турат. Бул долбоор сүттү кайра иштетүүнүн толук циклин камсыз кылып, агроөнөр жай секторунун үлгүлүү мисалы болуп, Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна маанилүү салым болуп бермекчи.
Подробнее
26.03.2021
2020-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 21 428,4 млн сомду түздү
07.06.2023
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы 2023-жылы ийгиликтүү улантылууда
19.05.2021
Министрлик малдардын асылдуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында республика боюнча 98 баш асыл тукум буканын тизмесин түздү
05.04.2021
Министри Аскарбек Джаныбеков “Хунланд-Евразия” ЖЧКсынын директору Алексей Китаин менен жолукту
28.06.2021
Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткулов кызматынан бошотулду
26.05.2021
Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү
14.04.2021
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү
05.04.2021
Быйыл Баткен облусуна заманбап шарттагы лаборатория куруу пландалууда
27.04.2021
Министр А.Жаныбеков агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча презентациясын баяндады
02.04.2021
Министр Аскарбек Джаныбеков Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова менен жолукту
Смотрите также
Close