Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Өлкө боюнча 425 миң жаран таза ичүүчү суу менен камсыздалат

Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында жана “Сууну камсыздоо жана санитария боюнча жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын алкагында 1-фазанын даярдыгы үчүн 4 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүндү. Бул каражаттар Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарындагы 126 калктуу конуш үчүн долбоорлоо-сметалык документациясын (ДСД) иштеп чыгууга, ошондой эле, негизги операциялык жана экологиялык документтерди даярдоого жумшалат. Мындан тышкары, аталган долбоор климаттын өзгөрүшүнө туруктуу инфраструктураны комплекстүү изилдөөнү, долбоорлоону, тендердик документацияны иштеп чыгуу иштерин, ошондой эле, долбоорду башкаруу жана мониторинг жүргүзүүнү камтыйт. Бул аракеттердин жүзөгө ашырылышы 1-фазанын тез ишке киргизилишине шарт түзүп, анын алкагында өлкө боюнча 425 000ден ашуун жаран таза ичүүчү суу менен камсыздалат.

Show More
Back to top button