Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Балык уулоону өнүктүрүү борборунун курулушу активдүү жүрүп жатат

Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы “Кыргыз Республикасынын аквакультурасын жана балык чарбасын өнүктүрүүнүн Улуттук борборунун” курулушу уланууда. Азыркы учурда “Тоң балык өстүрүүчү заводу” муниципалдык ишкананын  кызматкерлери инкубациялык цехин кошумча суу менен камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Тактап айтканда 180 метрди түзгөн кудук казылып, насос жабдыктары жана сууну тазалоочу системалары орнотулду. 

Долбоор 2022-жылдын 22-октябрында “КР АЧМ менен Корей деңиз институтунун ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө” меморандумдун негизинде ишке ашырылууда. Долбоордун мөөнөтү 2022-жылдын октябрь айынан тарта, 2026-жылдын декабрь айына чейин. Инфраструктура объекттерди (инкубациялык цехтер, лабораториялар, турак жайлар, ашкана ж.б.) куруу, реконструкциялоо жана техникалык жабдуу пландаштырылган.  

Бул борбордо илимий кызматкерлер балык өстүрүү технологиялары боюнча окуу, семинарларды өткөрүшөт.

Show More
Back to top button