Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары–Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Агродиалог-2025” форумунун негизги максаты — Кыргызстандын агрардык тармагын жаңы деңгээлге чыгарууга, заманбап технологияларды ишке ашырууга жана тажрыйба алмашуу менен жаңы жетишкендиктерди камсыз кылууга багытталган уникалдуу мүмкүнчүлүк экенин билдирди.
Ошондой эле, айыл чарба тармагындагы жетишкендиктер, жаңылануулар дыйкан-фермерлердин, жеке ишкерлердин, агроөнөр жай багытындагы ийгилик жаратып жаткан чемпиондордун талыкпаган эмгегинин натыйжасында ишке ашып жатканын баса белгиледи.
Мындан улам, мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолордун негизинде 2024-жылы айыл чарба тармагында орун алган бир катар маанилүү жетишкендиктерге токтолду.
— 2024-жылы айыл чарбасынын жалпы дүң продукциясын өндүрүү көлөмү 395 млрд 637 млн сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга өстү. Бул өсүш мал чарбанын – 3,1 %, ошондой эле өсүмдүк өстүрүү продукциясын 10,3 % көп өндүрүүнүн эсебинен камсыздалды. Ал эми, кайра иштетүү өнөр жай тармагында 87 млрд. 358 млн сомдук продукция иштетилип, физикалык көлөмдүн индекси (өсүү темпи) 120,1 % түздү. Продукцияны экспорттоо 34 млрд. 171 млн сомду түзүп, былтыркы жылдын денгээлиндеги көрсөткүч камсыз болду. Өлкөбүздүн 60тан ашуун айыл чарба продукциялары дүйнөнүн 80ге жакын өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат.
Республиканын калкы негизги тамак-аш азыктардын 6 түрү менен (сүт, эт, картошка, жашылча, кум шекер, жумуртка) камсыздалды. Эң негизгиси өлкөбүздүн ички агро азык-түлүк рыногунда кесепеттүү жана жагымсыз өзгөчө кырдаал жаралган жок, абал туруктуу сакталды. Мындай жетишкендиктер агроөнөр жай тармагына 22 млрд 716 млн сомдук мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн, же 2023-жылга салыштырмалуу 7 млрд 514 млн сомго көп, же 149,4 % камсыз болду, – деп билдирди БакытТөрөбаев.
Мындан сырткары, бүгүнкү күндө министрлик 5 маанилүү багыт: Суу ресурстары (1), сапаттуу үрөн жана асыл тукум материалдары (2), кайра иштетүү, соода логистикалык борборлор, МТС ж/а кооперация (3), экспорт (4), илим, билим ж/а тажрыйба алмашуу (5) боюнча жигердүү иш жүргүзүп жатканын, бул маанилүү багыттардын ар биринде дыйкан-фермерлердин ролу чоң экендигин, алар Министрликтин негизги өнөктөштөрү болуп кала беришет деп айтты.
Белгилей кетсек, Бишкекте өтүп жаткан “Агродиалог–2025” форуму экинчи жолу уюштурулуп жатат. Анын алкагында өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык жаатындагы алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен 16 чемпион-дыйкандар, ал эми мал чарба тармагында жакшы ийгиликтерди жараткан 16 чемпион-фермерлер өздөрүнүн тажрыйбалары менен тааныштырды.
Бүгүнкү мастер-класстар жана талкуулар дагы дыйкан-фермерлерге жаңы идеяларды, алдыңкы технологияларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Чемпиондордун тажрыйбасы – баалуу практикалык нускама катары кызмат кылып, фермерлерге заманбап ыкмаларды үйрөнүүгө, натыйжалуулукту жогорулатууга үлгү болот.
Айтмакчы, былтыр 2024-жылдын 26-февралынан 2-мартына чейин Бишкек жана Ош шаарында “Агродиалог 2024” форуму биринчи жолу өткөрүлүп, анда 2 521 айылдык товар өндүрүүчүлөр, экспортерлор, кайра иштетүүчүлөр жана финансы секторунун өкүлдөрү катышкан.
Анда бардыгы 142 презентация көрсөтүлүп, баяндамалар жасалып 227 киши 492 суроо менен кайрылган. Ал эми “B2B” аянтчасында 1 623 кайрылуу, ал эми финансылык каржылоо, кредит боюнча 667 суроо-талап келип түшкөн.
Форумдун жүрүшүндө 198 меморандум, келишим, макулдашуу түзүлгөн. Форумда дыйкан-фермерлер агроөнөр жай тармагынын алдыңкы ишкерлери менен таанышып, талкуунун жыйынтыгында өнөктөштөрдү табууга өбөлгө түзүлүп, ишкерлер бизнесин өнүктүрүүгө, өз продукциясын сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүктөрдү таба алышкан.