Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо кызуу башталды

Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору 2025-жылдын 1-январынан тартып ишке кирди. Аталган долбоордун максаты – жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен кичи товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Долбоор жалпысынан 60 ай же болбосо 5 жылда иштеп, республикалык бюджеттен жана “Айыл Банк”, “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору тарбынан каржыланат. Анда Мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген бириккен товар өндүрүүчүлөргө 25 млн сомго чейин, 60 айга 6 пайыздык чен менен, Кластердик бирикмелерди бириккен товар өндүрүүчүлөр менен түзүшкөн кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 150 млн. сомго чейинки каражат, 60 айга 6 пайыздык чен менен жана Жогорку натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөчү технология менен иштеген (тамчылатып сугаруу, жамгырлатып сугаруу); күнөскана чарбасын жүргүзүү менен, айыл чарба техникасынын жана жаныбарлардын лизинги менен, машина-трактордук станцияларды түзүү (МТС) менен алектенген, бириккен коомдорду түзүшкөн чарба жүргүзүүчү субъекттерге 50 млн. сомго чейин, 60 айга 6 пайыздык чен менен насыялар каралган.

Show More
Back to top button