Бүгүн, 23-январда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча жыйын өттү. Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү жана министрликтин кызматкерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү катышуучуларга коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарга карата жазалардын катаалдашуусу, “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамынын ченемдери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Белгилей кетсек, коррупцияга байланышкан кылмыштарга 2025-жылдын 21-январынан тартып, катаалдашкан чаралар көрүлө баштады. Эгерде мамлекеттик кызматкер коррупцияга байланыштуу кылмыш ишине катышып, ал соттун чечими менен күнөлүү,- деп табылса ал жана анын жакын туугандары өмүр бою мамлекеттик кызматка иштөөгө тыюу салынат жана жазадан кутулуу үчүн айып төлөп бошонуп кетүү сыяктуу чаралар жоюлуп, жазасын реалдуу түрдө жаза аткаруу мекемелеринде өтөйт.