2024-жылы Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы (мындар ары – ЖИКС) маалыматтык тутумунда 2 575,9 миң мал-жандык активдүү (тирүү) статусун түздү. Анын ичинен:
• ири мүйүздүү мал – 2 070,4 миң
• жылкы – 503,0 миң
• чочко – 2,5 миң
2024-жылы республика боюнча төлдөрдү идентификациялоодо 753,7 миң баш мал-жандык идентификациядан өтүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна каттоого алынды. Анын ичинен:
• ири мүйүздүү мал – 712,5 миң
• жылкы – 32,6 миң
• чочко – 8,6 миң
Топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча 126 үй канаттуулар чарбасында – 147 үй канаттуулар фермасы, 1410 аары багуучу чарбада – 107,6 миң аары бал челек, 203 чарбада – 8767 көлмө идентификациядан өткөрүлүп, маалыматтык тутумга киргизилди.
Белгилей кетсек, 2023-жылы өлкө боюнча кой-эчкилерди идентификациялоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын буйругу чыгып, Араван, Кемин, Түп райондору пилоттук райондор катары аныкталган. Бүгүнкү күндө аталган райондордо 134,5 миң баш кой-эчки идентификациядан өткөрүлдү.