Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Таза Жан” үрөнчүлүк чарбасынын базасында Германиядан алынып келинген жашыл төө буурчактын “Денис”, “Мендоза” жана “Ломка” жаңы сорттору сыноодон өттү. Натыйжада “Денис”, жана “Мендоза” сорттору эргежээл (сабактын узундугу 40-45 см), ал эми “Ломка” сорту болсо сойлоочу экени аныкталды. Белгилей кетсек, жогорудагы төө бурчактын жаңы сорттору үстүбүздөгү жылдын 28-майында себилген.
– “Денис” сорту үчүн биринчи түшүм 8-июлда, акыркысы 30-августта, баардыгы болуп 7 жолудан жыйналган. Анын кабыгынын узундугу 12-14 см, көлөмү ичке жана өңү кочкул жашыл түстө.
– “Мендоза” сортунун биринчи түшүмү 25-июлда, акыркысы 30-августта алынган. Кабыктары узун келет, өңү болсо жашыл, ал эми уруктары ак түстө.
– “Ломка” сорту үчүн биринчи түшүм 20-июлда, акыркысы 30-августта жыйналып алынган, кабыгынын узундугу 12-13 см, түсү жашыл. Жалпысынан 5 жолу түшүм алынган.
Азыркы учурда дыйкан-фермерлер арасында бул өсүмдүккө болгон суроо-талап өсүүдө. Ошондой эле, 2025-жылда төө бурчактын жаңы сортуна өлкөнүн тоо этектеринде сынөө жүргүзүү пландалууда.