Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ара-Бел суу алуучу плотинасын калыбына келтирүү иштери уланып жатат. Тийиштүү жумуштар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан аткарылууда. Деңиз деңгээлинен 3 800 метр бийиктикте жайгашкан объекттин курулушу өткөн жылы башталган. Азыркы тапта Ара-Бел жана Жууку дарыяларынын нуктарын бириктирүү иштери жүрүп жатат. Учурда курулуш иштери 30-40 %га бүткөрүлдү. Алсак, узундугу 300 метр болгон дамба курулду. Аны менен катар тереңдиги 7 метр, узундугу 120 метрге жеткен жаңы канал курулууда. Ушул тапта топурак алынып, катуу жерлерде жардыруу иштери жүрүп жатат. Эми бул канал бүтүп калса, Жети-Өгүз районунда сугат суунун тартыштыгы кыйла азаят.
Белгилесек, башкы суу алуучу плотинаны ушул жылы пайдаланууга берүү пландалууда.