Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда азык-түлүк продуктыларына болгон баа коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөнүрөөк

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2025-жылдын 15-январына карата Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк продуктыларына (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиш, мөмө-жемиш, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон бааларга салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа, коңшу Казакстан Республикасынын базар бааларынан 6,9% га жана Россия Федерациясынан 8,8 % га төмөн экендиги аныкталды. Казакстан Республикасында бул аптанын ичинде азык-түлүктүн баасы туруктуу.  Болгону картошкага болгон баа жогорулагандыгы байкалууда. Мисалы, картошканын баасы Актөбөдө 42 сом, Костонай облусунда 45 сом, ал эми Караганда облусунда 43 сомго чейин жетүүдө.

Show More
Back to top button