Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Республика боюнча эт өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү

2024-жылда республиканын бардык облустарында эт өндүрүүнүн көлөмү жогорулады. Бул айыл чарба малдын көбөйүшү менен байланыштуу. Алсак, 2024-жылдын декабрь айына карата республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 459,6 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жыл менен салыштырмалуу 11582 тоннага же 2,6 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат.
Сүт өндүрүү. 2024-жылдын январь-декабрь айларында республикада 1823,7 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 46182 тоннага же 2,6 пайызга сүт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтөт.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, республикада эң жогорку саандуу уйлар Чүй (3169,2 кг), Талас (2346,6 кг) жана Ысык-Көл (2136,7 кг) облустарынын чарбаларында өстүрүүлөт, бул көрсөткүчтөр орточо бир уйдан саалган саан республиканын көрсөткүчтөрүнөн бир топ жогоруу экенин белгилейт.
Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилде республикада 790282 миң даана жумуртка өндүрүлдү, бул былтыркы жыл менен салыштырмалуу 104543 миң даанага же 115,2-пайызга көбүрөөк болгондугун көрсөтөт.
Республикада жумуртка өндүрүү бардык облустарында көбөйүдө.
Жумуртка өндүрүүнүн жогоруулашынын эң негизги себептери тооктордун саны 571,1 миң башка көбөйүшү жана тооктордун орточо тукумдуулугу 13 даана жумурткага жогоруулашы менен байланыштуу.
Жүн өндүрүү. 2024-жылдын аягына карата республикада 13157,4 тонна жүн өндүрүлдү, бул көрсөткүч 243-тоннага көбөйүшү, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 101,9-пайызды түзгөнү байкалат.
Жүн өндүрүү республиканын бардык облустардын чарбаларында көбөйүшүү байкалат, эң негизги себеби – койлордун саны 37609 башка көбөйүшү жана 1 койдон кыркылган орточо жүндүн 0,3 кг жогоруулашы менен байланыштуу.

Show More
Back to top button