Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Сокулукта мамлекеттик ири машина-трактордук станция (МТС) ачылды

Бугүн, 11-октябрда Чүй облусунун Сокулук района караштуу Фрунзе айылындагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин алдындагы “Кыргызмамасылтукумзавод” мамлекеттик ишканасынын базасында мамлекеттик машина-трактордук станция (МТС) ачылды. Иш чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана министрликтин жооптуу кызматкерлери катышты. Мамлекеттик машина-трактордук станциянын ачылышы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине байланыштуу жана 100 ири объектини ачуу алкагында ишке ашты. “Кыргызмамасылтукумзавод” мамлекеттик ишканасы өзүнүн машина-трактордук паркын толуктоо үчүн “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик компаниясынан лизинг келишиминин негизинде жалпы суммасы 45,0 млн. сомго Кытай Эл Республикасынан жасалып чыгарылган «SINOMACH» үлгүсүндөгү 9 даана тракторун жана 36 даана айыл машиналарын сатып алган.

Show More
Back to top button