Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрлик дем алыш күндөрү социалдык маанилүү азык-түлүк продукцияларынын жарманкесин уюштурат

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ар жуманын демалыш күндөрү социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкесин уюштурат.
Жарманке дем алыш күндөрү саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат.
Жарманкенин максаты, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.
Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
Суроолор боюнча Министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000.

Show More
Back to top button