Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

«Кыргыз сорт сыноо станциясы» мамлекеттик ишканасы 2024-жылда 4 миллион сом киреше тапты

«Кыргыз сорт сыноо станциясы» мамлекеттик ишканасы фермерлерге ата мекендик жана чет элдик селекциянын акыркы жетишкендиктери менен таанышууга шарт түзүп, айыл чарбасында негизги ролду ойнойт. 2024-жылы ишкананын сорт сыноо тилкелеринде 1264 сорт сыноолор өткөрүлдү, анын ичинде:

  • кылкандуу дан эгиндери боюнча 553 сыноолор;
  • дан буурчак өсүмдүктөрү боюнча 33 сыноолор;
  • тоют өсүмдүктөрү боюнча 161 сыноолор;
  • жашылча жана бакча өсүмдүктөрү боюнча 144 сыноолор;
  • техникалык жана май өсүмдүктөрү боюнча 92 сыноолор;
  • мөмө-жемиш өсүмдүктөрү боюнча 147 сыноолор;
  • сортторду атайын булгама ыкмасы менен жуктуруп сорттордун негизги патогендерге туруктуулугун изилдөө боюнча 134 сорт сыноолор.
    2024-жылы, ишкана кирешесин 4 миллион сомго чейин көбөйтүүгө жетишти, бул 2023-жылга салыштырмалуу 190%га көп.
Show More
Back to top button