Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Аары азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттук потенциалын жогорулатуу маселелери талкууланды

Кыргыз Республикасынын Аарычылык палатасы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен аарычылык субъекттери үчүн Кыргыз Республикасында аарычылык институттук өнүктүрүү” темасында Кыргыз Республикасынын аарычылык чарбасы үчүн маанилүү беш региондо Тегерек столдордун циклин өткөрдү.
Талкуулоонун негизги маселелери:
1.Кошумча нарк чынжырына негизделген кластердик өндүрүш системасы аркылуу аарычылык секторун өнүктүрүү стратегиясы;
2.Аары азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттук потенциалын жогорулатуу.
3.Өндүрүлгөн аары азыктарынын сапатына жана коопсуздугуна карата ветеринардык-санитардык талаптар.
4.”Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” балчылык субъекттери тарабынан финансылык-кредиттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу.
Тегерек стол аарычылык субъекттери менен мамлекеттик органдардын, аарычылык продукциясынын агрегаторлорунун (экспортерлорунун) жана аарычылыкка кызмат көрсөтүүчү башка контрагенттердин ортосунда кызматташуу платформасын түзүүгө багытталган.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин кызматтарынын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын, илимий-изилдөө жана билим берүү мекемелеринин, ошондой эле, финансы-кредиттик уюмдардын өкүлдөрү, аарычылык секторунун башка кызыкдар субъекттери катышты.

Show More
Back to top button