Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун селекционерлери тарабынан акыркы жылдары айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору түзүлдү. Алар:
буудайдын 5 жаңы сорту;
арпанын 3 сорту;
жүгөрүнүн 2 гибриди;
кант кызылчасынын 3 гибриди;
пахтанын 2 сорту;
картошканын 2 сорту;
помидордун 5 сорту;
калемпирдин 3 сорту.
Климаттын глобалдык өзгөрүү шарттарында Институттун негизги артыкчылыктуу багыты кургакчылыкка чыдамдуу, жогорку түшүмдүү, дандын сапаты жогору жана буудайдын, арпанын тоют баалуулугу жогору сортторун, жүгөрүнүн жана кант кызылчасынын гибриддерин өстүрүү болуп саналат.
Азыркы учурда институттун окумуштуулары картошканын, пахтанын, мөмө жана жашылча өсүмдүктөрүнүн эң жогорку түшүмдүү, жогорку сапаттагы, кургакчылыкка чыдамдуу сортторун түзүп жатышат. Өсүмдүктөрдүн жаңы сорттору ооруларга, зыянкечтерге туруктуу жана кыска вегетация мезгилинде биомассасын түзөт.