Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин Департаментинин атайын эсебине 2024-жылдын 11-айынын жыйынтыгы менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн республика боюнча 43 938,5 миң сом акча каражаты түштү. Анын ичинен:
Фитосанитардык сертификатты берүүдөн – 29 745 миң сом;
Лабораториялык экспертиза жана изилдөө жүргүзүүдөн (карантин лабораториясы) – 6 244,3 миң сом;
Карантинге алынуучу продукцияларды, каражаттарды жана кампа жайларды зыянсыздандыруудан – 3 258,5 миң сом;
Химиялык жана биологиялык иштетүүдөн – 2 407,5 миң сом;
Анализ жана текшерүү жүргүзүүдөн (токсикология лаборатория) – 2 282,0 миң сом.