Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу максатында Министрлер Кабинетинин чечими менен 130 миң сом өлчөмүндө пайызсыз жана күрөөсүз ссуда берилип жатат. Бул каражатты алуу үчүн, каалоочулар биргелешкен 4-8 адамдан турган топторго бөлүнүшү зарыл. (Топтун айрым мүчөлөрү тарабынан жабылбаган сумма топтун башка мүчөлөрү тарабынан төлөнүшү керек.) Окутуулар түздөн-түз айылдарда уюштурулат. Бул долбоордун максаты – уй сүтүнүн өндүрүмдүүлүгүн, бенефициар фермаларда сүттүн сапатын жогорулатуу болуп саналат. Анда майда фермерлерге жана сүт чогултуучуларга мал, чакан жабдууларды сатып алуу үчүн пайызсыз жана күрөөсүз каражаттар берилүүдө. Долбоорго Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарындагы чакан кошумча сүт фермалары/чарбалары катыша алышат.
Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон критерийлер:
- 3-төн ашык эмес уйдун болушу
- 5га дан ашык эмес жердин болушу
- Насыялык жана карыздык карыздарынын жоктугу
- Дыйкандын долбоорго катышуусуна каалоосу
- 10% акчатүрүндө кошумча салым төлөө
Бардык суроолор боюнча төмөнкү даректер аркылуу байланышса болот:
Бишкек ш., Эркиндик бульвары 58а, 302 каб (Борбордук казыналык), телефондор: 0(312) 62-03-57, 66-60-01,
Электрондук почта: office@piu.kg
Нарын облусу боюнча: 0708 426 291, 0550463277, 0702 046 950
Ысык-Көл облусу боюнча: 0707 324 312, 0508 666 676