Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Лариса Амбросийдин чычырканак багы 2 миллион сомдон ашуун киреше алып келиши пландалган

“Данис Берри” ишканасынын чычырканак багы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка айылында жайгашкан. Бакчанын жалпы аянты 25 гектарды түзөт. Ишкананы жергиликтүү тургун Саламатов Бектур жана Молдова өлкөсүнөн өнөктөшү Лариса Амбросий менен биргеликте иштетип келишет.
Европада патенттелген чычырканактын “Клара”, “Мара”, “Андрос” сорттору өстүрүлөт. Чычырканактын багы 2023-жылы отургузулган жана жалпы аянты 25 гектарды түзөт. Дарактар бийик, 3,51,25 м үлгү боюнча отургузулган, 1 гектарга 2286 бадал туура келет. Потенциалдуу түшүм дарактан 5 килограммдан 10 килограммга чейин, 1 гектардан 1200/2400 центнерди түзөт. Потенциалдуу экспорт багыттары: Европа өлкөлөрү, Кытай. Бул бактан алгачкы түшүм 2026-жылы болжолдонууда. Болжолдуу баасы 200-300 сом/кг. Болжолдонгон киреше минималдуу кирешеси 12000 кг200= 2 млн 400 000 миң сомду түзүшү керек.

Show More
Back to top button