Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Арашан” пародасындагы койлорду жасалма жол менен уруктандыруу жүрүп жатат

Жумгал районундагы “Таасымбек-Калыс” фермердик чарбасында “Арашан” пародасындагы койлорду жасалма жол менен уруктандыруу жүрүп жатат. Ал үчүн Райондук агрардык өнүктүрүү башкамалыгынын жардамы менен чарбага атайын аппараттар алынып, учурда иш кызуу жүрүүдө. Жасалма уруктандыруу малдын генетикалык потенциалын жакшыртууга, анын асылдуулугун арттырууга, эт продукциясынын сапатын жогорулатууга жана оорулардын жайылуу коркунучун алдын алууга багытталган негизги технологиялардын бири болуп саналат. Жасалма уруктандыруунун жыйынтыгында учурда аталган фермердик чарбадагы эң салмактуу мал 200 килограммдан ашса, 1,5 жылдык кочкор 170 килограммга жетип, Орто Азиядагы эң салмактуу кочкор катары таанылган. Ал эми алардын баалары болжолдуу 15-20 миң АКШ долларына чейин бааланат.

Show More
Back to top button