Жалал-Абад облусунун Токтогул району боюнча 3 айыл чарба өсүмдүгү тандалып алынып, ал жердин кыртышына, климаттык шартынын ыңгайлуулугуна жараша кулпунай, картошка жана буудай өстүрүүнү колго алуу мерчемделип жатат. Ал үчүн Демонстрациялык тандалып алынган өсүмдүктөрдүн жер кыртышынан үлгүлөр алынып, лабораториялык анализге жиберилди. Мындай иш чара Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин “3+2” өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы боюнча программанын негизиндеги тапшырмасына ылайык ишке ашырылууда.
Ал үчүн Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен жеринде тыгыз иш алып барууда.
Токтогул районунан сырткары учурда Аксы району боюнча малина, кара өрүк жана буудай, Ош облусунун Ноокат районунда алма бак, сафлор жана картошка өстүрүү, Араван району боюнча картошка, кулпунай жана пахта өсүмдүктөрү үчүн үлгүлөр алынып, лабораториялык анализге жиберилди.
Анализдин жыйынтыгы боюнча аталган Демонстрациялык жерге канча минералдык жер семирткич керектелүүсү боюнча консультациялык маалымат берилип, жергиликтүү дыйкан-фермерлер үчүн кирешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жол картасы болуп бермекчи.