Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк продуктуларына болгон бааларга салыштырмалуу мониторинги жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа, коңшу Казакстан Республикасынын базар бааларынан 3,94 % га жана Россия Федерациясынан 7,9 % га төмөн экендиги аныкталды.
Ошондой эле эскерте кетсек, өткөн аптага салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа 0,6 % га жогорууласа, коңшу Казакстан Республикасынын базар баалары 0,7 % га, ал эми Россия Федерациясы 1,5 % га жогоруулагандыгы байкалды.
Мисалы, бир аптанын ичинде Бишкек шаарынын ички рыногунда продуктыларга болгон баа туруктуу ал эми Каракол шаарында пастерленген сүттүн баасы 1,3 сомго, тазаланган күн карамак майы 3,5 сомго, кумшекер 2,7 сомго төмөндөгөн жана Ош шаарында пастерленген сүттүн баасы 5 тыйынга төмөндөсө тазаланган өсүмдүк күн карама майы 7 сомго,бодо мал эти 15 сомго, кой эти 20 сомго, тоок жумурткасы 5 сомго, сабиз 2,5 сомго жогуруулаган, кумшекер 2,5 сомго, картөшкө 6,5 сомго төмөндөгөнү байкалган.
Казахстан Республикасына караштуу Костонай облусунда продуктылардын баасында өткөн апта менен салыштырмалуу чоң өзгөрүү байкалган жок болгону пастерленген сүттүн баасы 11 сомго, жана уй эти 5 сомго жогоруулаган. Карагандада күрүч 5 сомго жогорууласа, пастерленген сүттүн баасы 1,5 сомго төмөндөгөн.
Актөбөдө тазаланган өсүмдүк күн карама майы 5 сомго жогорууласа, уй эти жана макарон азыктары 1 сомго төмөндөгөн.
Россия Федерациясына караштуу Тюмень облусунда бул аптада азык-түлүктүн баалары кой этине, кумшекер, тоок жумурталарынын баалары жогоруулагандыгы байкалган.
Красноярскда бодо мал этинин, күрүч, тоок жумурткасынын, жана сабиздин баалары жогоруулагандыгы байкалса,
Саратов облусунда бул аптада уй этинин, сабиз, баш пияздын баалары жогоруулагандыгын байкаса болот.
Кененирээк маалымат шилтемеде:
https://docs.googlecom/spreadsheets/d/1Ct3RRGGx3s4xEsBjUK6F5OofxdcVnsW5/edit?usp=drive_link&ouid=115735286347078541031&rtpof=true&sd=true