Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кант кызылчасынын калдыгы эффективдүү тоют катары пайдаланууга акысыз таркатыла баштады

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ОАО «Кошой» тарабынан кант кызылчасынан чыккан кызылчанын калдыгын бекер алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымдайт. Акция 2024-жылдын 15-декабрына чейин күчүндө болот.
Кызылча калдыгы мал үчүн пайдалуу тоют кошулмасы болуп эсептелет. Ал сиңирүү процессин жакшыртып, малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Жомду жаңы же силос түрүндө колдонсо болот, бул аны малчылар үчүн универсалдуу азык кылат.
Алуу шарттары:
Жом өз алдынча алып кетүү шартында берилет.
Дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Шопоков шаары, Ленин көчөсү, 15.
Толук маалымат жана жомду алуу убактысын тактоо үчүн байланыш телефону: +996 704 313 270.
Министрлик фермерлерди жана малчыларды бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, мал чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатууга чакырат.

Show More
Back to top button