Мал чарба азыктарын экспорттоону көбөйтүү максатында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат тарабынан өз продукциясын үчүнчү өлкөлөргө жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагына жеткирүүгө укугу бар жана кыргыз экспорттоочуларынын тизмесин кеңейтүү боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Ветеринардык кызмат 2024-жылдын 11 айында аткарылган иштин жыйынтыгын эске алып, жаңы базарларды ачууда кезектеги кадам жасалды.
Кытай Эл Республикасы боюнча – КЭРдин Башкы бажы башкармалыгы тарабынан импорттоочулардын Реестрине мал чарба азыктарын Кытайга жеткирүү укугун алган үч кыргыз ишканасы кошулду. Алар:
• “Акылман” ЖЧК
• “Алтын Куш” ЖЧК
• “Датка Экспорт Кейджи”ЖЧК
Бүгүнкү күндө мал чарба азыктарын өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү 29 кыргыз компаниясы Кытайга экспорттоо үчүн аттестациядан өттү. Анын ичинде: сүт азыктарын өндүрүү боюнча – 13 ишкана, бал өндүрүү боюнча – 11 ишкана, азык-түлүк эмес мал чарба азыктары боюнча – 4 компания, аквакультура боюнча – 1 ишкана.
Россия Федерация боюнча – 6 сүт ишканасын (“Үмүт и Ко” ЖЧК, “Арашан” ААК, “Ак-Сүт” ААК, “Эмилия” ЖЧК, “Талас Даамы” ЖЧК, “Талас-Сүт” ЖАК) жана 5 балык ишканасын (“Акылман” ЖЧК, “Агро Аква Сервис” ЖЧК, “Равшан Эко” КФХ, “Тянь-Шань-Форель” ЖЧК, “Эфтар Агро Комплекс”ЖЧК) сертификациялоо иштери кайрадан башталды.
Бүгүнкү күндө 10 сүт жана 10 балык ишканалары өз продукциясын Россияга экспорттой алат.
Өзбекстан боюнча – Өзбекстан Республикасынын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү комитети тарабынан Өзбекстанга мал чарба азыктарын жеткирүү укугун алган, жана ошондой эле 8 кыргыз ишканасы импорттоочулардын Реестрине кошулду. Алар:
• “Акылман” ЖЧК
• “Белая Река” ЖЧК
• “Ак Булак плюс” ЖЧК
• “Жайыл Милк” ЖЧК
• “Эфтар Агро Комплекс” ЖЧК
• “Адин Логистик” ЖЧКсы
• “Салих ЛТД” ЖЧКсы
• “Фуд Лайн Групп”ЖЧК
Бүгүнкү күндө Өзбекстанга экспорттоо үчүн мал чарба азыктарын өндүргөн жана кайра иштеткен 47 кыргыз ишканасы аттестациядан өттү. Анын ичинде: сүт азыктарын өндүрүү боюнча – 18 ишкана, бал азыктарын өндүрүү боюнча -10 ишкана, эт өндүрүү боюнча – 10 ишкана.