2-декабрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары – суу ресурстары кызматынын жетекчиси Алмазбек Сокеев 9 миллион калкы бар ири шаардын вице-мэри баштаган Кытайдан келген делегация жана Шандун провинциясынын мамлекеттик корпорацияларынын жетекчилери, ошондой эле “БайДыйкан” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда айыл чарбасын жана ирригацияны өнүктүрүүнүн негизги багыттары, анын ичинде Кыргызстанда агрардык сектордун өндүрүмдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн колдонула турган заманбап технологиялар жана ыкмалар талкууланды. Ошондой эле суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу маселелери каралды, мында колдонуудагы системаларды модернизациялоо жана суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуу практикасын киргизүү зарылдыгына басым жасалды.
Тараптар мындан ары өз ара аракеттенүү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде билим алмашуу, инвестициялык долбоорлорду, калктын жашоо шартын жакшыртууга жана агрардык экономиканы өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен программаларды талкуулашты.
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы келечектүү кызматташтыкты талкуулоо жолугушуунун максаттарынын бири болду.
Бул жолугушуу эки тараптын региондогу экономиканы өнүктүрүүгө жана экологияны жакшыртууга көмөктөшүп, Кыргызстан үчүн да, Шандунь провинциясы үчүн да пайда алып келе турган байланыштарды бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга умтулууларын баса белгилейт.