Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Тамчылатып сугаруу системасына өткөрүлгөн пахта аянттары кеңейүүдө

Суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу максатында пахта талааларын тамчылатып сугаруу системасына киргизүү колго алынып, анын аянты кеңейүүдө.
Кыргызстан Борбордук Азиянын борборунда жайгашкан, суулары таза, тоолору бийик, органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүгө жагымдуу климаттык шарттары бар кооз өлкө.
Биздин өлкөдө экологиялык жактан таза, даамдуу жана сапаттуу продукциялар өндүрүлөт, мындан сырткары Кыргызстанда органикалык пахта дагы өстүрүлөт. Пахтадан ден-соолукка пайдалуу, аллергиялык жактан зыяндуу эмес кийимдер тигилет.
Кыргызстанда өндүрүлгөн пахтанын дагы бир өзгөчөлүгү ГМОсуз (genetically modified organism) жергиликтүү сорттордун сакталып калышында. Жаңы технологияларды колдонуу, пахтаны өндүрүүдө жакшы көрсөткүчтөргө жеткирип жатат.
Урматтуу Кыргызстандын органикалык пахтасынан ден соолукка пайдалуу кийимдерди тигүүнү жана өндүрүштү максат кылган коллегалар биз менен байланышыңыздар +996312623586; +996772377386; info@agro.gov.kg nurdinova.jypara@mail.ru. Сиздер менен иштешүүгө даярбыз жана (10 000-20 000 тонна) пахта буласын даярдап берүү үчүн сиз тараптан кызыкдаарлыкты жана кайрылууну күтөбүз.

Show More
Back to top button