Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жайыттарды сугаруу үчүн 30дан ашык жасалма мөңгүлөр түзүлдү

Бакуда өткөн БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча 29 конференциясында Кыргызстандын улуттук павильонунда ар кайсы өлкөлөрдүн жана уюмдардын жолугушууларынын катышуучулары үчүн тармактын жетишкендиктери жана пландары, ошондой эле көйгөйлөр баяндалды.
Аталган иш-чарада Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев министрликтин негизги үч багытын белгиледи.
Биринчи багыт боюнча -асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү жана жакшыртуу. Алсак, акыркы жылдары 20 жылдын ичинде жайыттардын аянты 3,5 млн гектардан 2,7 млн гектарга чейин кыскарган, азыркы учурда 140 миң гектар жайыт деградацияга учурап, 615 миң гектар жайыттар аз өндүрүмдүү болуп эсептелет. (Бардык жайыттар 9 млн га же айыл чарба жерлеринин жалпы аянтынын 80% түзөт).
Жайыттарды жакшыртуу үчүн 372 миң га жайыт убактылуу консервацияланды, анын ичинен 100 миң кг үрөн себилди жана жайыттарды сугаруу үчүн 30дан ашык жасалма мөңгүлөр түзүлдү.
Экинчи багыт боюнча – суунун коромжусун азайтуу үчүн сугаттын механикалаштырылган, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын киргизүү.
М.Дүйшеев белгилегендей, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары 14,5 миң га аянтта 1810 субъектте ийгиликтүү ишке киргизилген. Жыл сайын мындай системалар 1000 гектардан 2500 гектарга чейинки аянтка орнотулат жана фермерлерди сугаруунун үнөмдүү ыкмаларына үйрөтүү боюнча тренингдер уюштурулат.
Үчүнчү багыт боюнча – органикалык айыл чарбасынын аянтын көбөйтүү. Органикалык өндүрүштү өнүктүрүү жаңы рынокторду ачуу, керектөөчүгө дени сак продукцияны сунуштоо.
Азыркы мезгилде органикалык өндүрүшүн жалпы айдоо аянты 67 миң га же 5% ды түзөт
Кыргызстанда биринчи жолу “Органик Экспо-2024″аймактык форуму өткөрүлдү.
“Бул жана башка чаралар жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана эң негизгиси өлкөнүн азык – түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жөндөмдүү туруктуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашкан агрардык системаны түзүүгө багытталган”, – деп жыйынтыктады министрдин орун басары.

Show More
Back to top button