Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

9 ай ичинде өсүмдүктөрдүн карантини боюнча 42177 экспертиза жүргүзүлдү

Өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында, 2024-жылдын 9-айында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларына жалпы- 15 902 даана үлгү түшкөн, анын ичинен:

  • импорттук карантинге алынган продукциядан 6725 даана үлгү;
  • экспорттук карантинге алынган продукциядан 6740 даана үлгү;
  • изилдөө иш-чараларынан 1442 даана үлгү;
  • кайрылулар боюнча 295 даана үлгү;
  • феромондук тузакчалардан – 700 даана үлгү.
    Жалпы лабораториялар 42177 экспертиза жүргүзгөн, анын ичинен 14 түр карантиндик зыяндуу организмдер (калифорния калканчысы, кызыл карагай кара муратчаны, мөмө жемиш бактарынын бактериалык күйүк оорусу, Комсток курту, тыт калканчысы, чыгыш мөмө жегичи, алча чымыны, сары чырмоок, сойломо кекире, томаттын мозаика пепино вирусу, күрөн бырыш томат вирусу, томат күбөсү, типограф кабык жегичи жана алтын түстүү картошка нематодасы) аныкталган.
    Ошондой эле импорттук үрөн-көчөт материалдары боюнча 9-айда өсүмдүктөрдүн карантин боюнча лабораторияларына импорттук карантинге алынуучу продукциядан 2758 даана үлгүсү келип түшкөн, анын ичинен 2526 даана көчөттөн жана 232 үрөндөрдөн, карантиндик-зыяндуу организмдерди аныктоого 8145 экспертиза жүргүзүлгөн.
Show More
Back to top button