Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

  Жерди мыйзамсыз ээлеп алууга жол берилбейт

       Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан арыздын негизинде Москва районунуна караштуу Нарзан айыл өкмөтүнүн Беловодск айылынын борбордук паркында текшерүү жүргүзүлдү.

       Текшерүүнүн жүрүшүндө, К.К. Жаныбеков аттуу жергиликтүү жашоочу борбордук парктын ичинде ижарага берилген 10 чарчы метр аянттан тышкары 338,75 чарчы метр жерин өзүм билемдик менен уруксат документтерисиз  ээлеп алып, ал жерге чакан ашкана жана башка соода түйүндөрүн уюштуруп алган. Мындан сырткары, уруксатсыз скважина казып, иштетип жаткандыгы аныкталды.

     Аталган факт боюнча КР Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги  №109 Жарлыгынын негизинде, 2021-жылдын 28-октябрындагы №127 КР  Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесине ылайык, “Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу”  жоопкерчилиги тууралуу юридикалык баа берүү үчүн Москва РИИБге өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, К.К. Жаныбеков тарабынан КР Жер Кодексинин 50-беренеси, КР Кылмы-жаза кодексинин 212-беренеси, КР 1999-жылдын 25-мартындагы №33 “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамынын 17-беренеси бузулган жана Кыргыз Республикасындагы “Жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө” Жобонун 11,12 жана 150-беренелери бузулган.

Show More
Back to top button