Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2025-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан эгиндеринин үрөндөрүн ууландыруу башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан жыл сайын илдеттерди жана зыяндуу организмдерди алдын алуу боюнча күздүк кылкандуу дан эгиндеринин үрөндөрүн ууландыруу иштери жүргүзүлүп келет.
Структура боюнча күздүк кылкандуу дан эгиндеринин аянты 200,0 миң гектарды түзөт, а. и. 190,0 миң гектары буудай, 10,0 миң гектары арпа. Аталган аянтка себиле турган үрөндүн жалпы көлөмү 40,0 миң тонна, а. и. буудайдын үрөнү – 38,0 миң тонна, арпанын үрөнү – 2,0 миң тонна.
Республика боюнча жалпы 40,0 миң тонна үрөндү ууландыруу үчүн 20,0 тонна үрөн ууландыргыч керектелсе, бүгүнкү күнгө карата ууландыргычтар ташылып келип, ууландыруулар башталды.

Show More
Back to top button