Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Өзгөндөгү суу менен камсыздоо жана канализация тутуму жаңыланууда

Өзгөн шаарынын суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын калыбына келтирүү” долбоордун жүрүшү боюнча «Өзгөн шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында кызуу курулуш иштери жүрүп жатат.

Учурда долбоордун алкагында таза суу жана саркынды суу түтүктөрүн жаткыруу жана саркынды сууларды тазалоочу курулманы куруу иштери жүрүүдө. Жалпысынан 38 048,7м  метр таза суу түтүгүжаткырылды. (38048,7 /40 790*100=93,27%). Андан сырткары саркынды суулар боюнча жалпысынан L=24716,6 м саркынды суу түтүгү жаткырылды (24716,6/29 860*100=82,77%)

Жалпылап айтканда  62 765,3 метр таза суу түтүгү жана саркынды суу түтүгү жаткырылды. (62 765,3  / 70650*100=88,83%)

Учурда Саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулуш иштеринин активдүү фазасы жүрүп жатат:

– административдик имарат 50%га бүткөрүлдү.

– алдын ала тазалоочу имарат 20% бүттү.

– биологиялык тазалоо аэротенктерндин жалпы казуу иштери аяктап, экинчи ирет тазалоого даярдоо иштери жүрүүдө

– объектти туруктуу электроэнергия менен туташтыруу менен байланышкан курулуш иштери аяктады

– тазалоочу жайга баруучу жолдун курулушу аяктады.

Белгилей кетсек, долбоор Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Show More
Back to top button