Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Элеттик дыйкан-фермерлерди колдоо, кирешелерин арттыруу боюнча тынымсыз иштер жүрүүдө

Айыл чарбасын жаңы деңгээлге көтөрүү, дыйкан-фермерлерди колдоо, элге мүмкүн болгон жеңилдетилген шарттарды түзүп берүү боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан ар тараптуу реформалык иштер жүрүүдө.

Башкача айтканда, элдин жашоо-турмушуна оң таасирин тийгизип, кирешелерин өстүрө турган бир катар багытта реалдуу көмөк көрсөтүүгө аракеттер көрүлүп жатат.

Айталы, суу көйгөйүн жоюу, аймактарга чакан кайра иштетүү өнөр жайларын, логистикалык борборлорду куруу, жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн үрөөн, көчөт менен камсыздоо жана малдын асылдуулугун арттыруу аркылуу сапаттуу, экологиялык таза айыл чарба продукцияларын өндүрүп, экспортко чыгарууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

Натыйжада, республика боюнча 528,8 км чарба аралык каналдар калыбына келтирилип, тазаланды. Узундугу 34,05 км чакырым 10 магистралдык каналдарда курулуш иштери аткарылууда.

Тоют маселесин чечүү, алыскы жана жакынкы жайыттарды жакшыртуу максатында 94,490 тонна жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү кунарсыз жайыттарга себилип, мал кармаган жарандарыбыз үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Көп жылдан бери токтоп, анчейин маани берилбей калган малдын асылдуулугун жакшыртуу боюнча жасалма жол менен уруктандыруу иштери колго алынды. Ошондой эле, малдын тукумун жаңылоо, асылдандыруу үчүн Европа мамлекеттиринен 2024-жылдын 1 кварталында 23,5 млн. сомго 133 асыл тукум симментал жана күрөң-швиц породаларындагы уйлар, 243 баш асыл тукум жылкы алынып келген.

Айыл чарба техникасы менен камсыздоо жаатында да олуттуу иштер жүрүүдө. Ал үчүн лизингдик долбоорлордун алкагында 10 жылдык мөөнөткө 6% жылдык чен менен насыялар бирилип жатат. Бүгүнкү күндө 16,4 млрд сомго 6647 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары берилген. Анын ичинде 2024-жылы 2,8 млрд сомго 734 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары келген.

Дыйкан-фермерлерди колдоо багытында жарым жыл ичинде «Айыл чарбасын каржылоо -12» долбоорунун алкагында 2024-жылдын 8-августуна карата дыйканчылыкка 1251 адамга 404685,0 миң сом, мал чарбачылык категориясы боюнча 7863 адамга 3195508,0 миң сом жеңилдетилген насыя берилген. Жалпысынан алганда бардыгы болуп 2 категория боюнча 3600193,0 миң сомго 9114 адамга насыя берилди.

Министрликтин айыл чарбасын жаңы деңгээлге чыгаруу саясатынын негизинде Дүйнөлүк банктын “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” үчүн кошумча каржылоо долбоорунун алкагында Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында 15 000 уй жасалма жол менен уруктандырылды. Үч облуста 400 көрсөтмө фермердик чарба, 30 жаңы сүт кабыл алуу түйүндөрү түзүлүп, 2 жана 3 тонналык 32 сүт муздаткыч танкерлер коюлуп берилди. “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу иш чараларынын негизинде “Алма” кошумча нарк чынжырчасынын (КНЧ) алкагында “Ноокат-Алмасы” соода логистикалык борбору ачылды.  Кошумча нарк чынжырча лидери “Тоок-Ордо” ишканасына 17 025 000 сомго тийиштүү жабдыктарды сатып алуу жүрүп жатат. “Тоок” КНЧ лидери үчүн 26 000 000 сомго 61 000 баш тоокко ылайыкташкан автоматташтырылган тооккана сатылып алынып, 9 000 000 сомго тоок соючу цех үчүн жабдыктарды сатып алуу иш аракеттери көрүлдү. Ошондой эле, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкан-фермерлердин жыйнаган түшүмүн кирешелүү баада чет өлкөгө экспорттоо боюнча бир катар иштерди аткарды. Айтсак, июль айынын башында министрлик тарабынан дыйкандарга колдоо көрсөтүлүп, элеттиктердин өстүргөн коон-дарбыздарын Россия Федерациясынын, Казакстандын ири шаарларына экспорттоо боюнча көмөк көрсөттү. Андан кийин Бишкек шаардык мэриясы менен биргелекте, ата-мекендик фермерлерди колдоо, айыл чарбасын өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында дыйкандар өстүргөн жашылча жемиштерди сатууга көмөк көрсөтүү максатында борбор калаадан 23 соода орундуктарын аныктап берди. Аны менен бирге быйыл өрүккө болгон баа бираз арзандап кетишине байланыштуу ыкчам чаралар көрүлүп, министрликтин кызматкерлери Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Челябинск, Сургут, Омск, Новосибирск, Астана ж.б шаарлардан Ысык-Көл өрүктөрүн ыңгайлуу баада сатуу үчүн орундуктарды аныктаган. Ал тууралуу кеңири маалыматтар министрликтин расмий сайтында, социалдык тармактардагы баракчаларында жана Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка өз убагында жеткирилип турду.

Show More
Back to top button