Маанилүү жаңылыктар

Таласта 1-октябрдан баштап Маймак кант кызылчасын кабыл алуу пункту иштей баштайт

Республиканин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жыл сайын Чүй, Талас жана Ысык-Кул облустарында 3 миңге жакын фермер таттуу тамыр өсүмдүгүн (кант кызылчасы) өстүрүшөт. 2024-жылы 13,5 миң га аянтка эгилген кызылчанын түшүмдүүлүгү 666,6 центнер/га болуп, жалпы 900 миң тонна дүң түшүм алынары күтүлүүдө. Бул түшүмдөн 110 миң тонна ак кант өндүрүү пландалууда.

Кант заводдору фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыздоо үчүн дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүшчүлөр — КВС (Германия) жана Флоримон Депре (Франция) компанияларынан үрөн алып келип сатууда.

2024-жылдын февраль-март айларында Чүй облусунда кант кызылчасын өстүргөн дыйкан-фермерлер менен “Каинды-Кант” ачык акционердик коому ортосунда кызылчаны кабыл алуу пункттарына тапшыруу боюнча келишим түзүлгөн.

Келишимдерде кант кызылчасын ГОСТ 33884-2016 талаптарына ылайык келүүсүнө, айрыкча канттуулугу 14%дан кем болбошуна өзгөчө көңүл бурулган. Эгерде кант кызылчасы бул талаптарга жооп бербесе, кабыл алууда айыптык санкциялар колдонулат.

«Каинды-Кант» ААК быйыл фермере эскертүү иретинде айыптарды толук көлөмдө колдонбойт, бирок 2025-жылдан тарта келишимдерде белгиленген айып санкциялары толук көлөмдө колдонулат. Бул айыптар, анын ичинде канттуулугуна байланыштуу талаптар, ГОСТ 33884-2016 стандарты атарылбаган учурда күчүнө кирет.

“Каинды-Кант” жана “Кошой” ачык акционердик коомдору тарабынан Чүй облусунда 1,6 миң гектардан түшүм жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 695 центнер/гектарды түзүп, жалпы 111,2 миң тонна кант кызылчасы кабыл алинды. Анын ичинен:

-2024-жылдын 13 сентябрябрынан баштап Чүй-Токмок, Ивановка, Беловодск жана Каинды кабыл алуу пункттарында жалпы 66 466 тонна кызылча кабыл алынган;

-20-сентябрдан баштап Кемин, Кант Жана Сокулук кабыл алуу пункттарында 44,732 тонна кызылча кабыл алынган.

Ал эми Талас облусунда, 1-октябрдан баштап Маймак кант кызылчасын кабыл алуу пункту иштей баштайт.

Show More
Back to top button