Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бишкек шаары боюнча өзүм билемдик менен басып алынган аймактарга 10 миңден ашык техникалык паспорт берилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бишкек шаары боюнча өзүм билемдик менен басып алынган аймактарга 10 миңден ашык техникалык паспорт берилди

2023-жылдын апрелинин аягына карата Бишкек шаары боюнча өзүм билемдик менен басып алынган участокторго 10 миң 744 техникалык паспорт берилген. Алардын ичинен:

– Ленин району – 2 392,

– Биринчи май району-4 859,

– Свердлов району – 3006,

– Октябрь району – 487.

Эскерте кетсек, техникалык паспорт берүү мыйзамдаштырууга укук бербейт.

Жер участокторуна менчик укуктарын каттоо жүргүзүлөт:

– өзүм билемдик менен курулган жеке турак үйлөр;

– которуу (трансформациялоо) жөнүндө же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарын же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары укук мурастоочусу болуп саналган органдарды берүү жөнүндө тиешелүү чечимдери барлар;

– Айыл чарба өндүрүшүндө колдонууга жараксыз;

– бөлүнгөн жер үлүштөрүнө айыл чарбалык максаттуу багыттагы жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары барлар;

– багбанчылык-дачалык участоктор.

Бирок Кыргызстанда өзүм билемдик менен курулган участоктордун баары эле мыйзамдаштырылбайт.

Электр чубалгыларынын жана газ түтүктөрүнүн өтүүчү жерлерде, мүрзөлөрдүн жанына, полигондору бар жана суу каптоо коркунучу бар үйлөр бар. Жалпысынан мындай участоктор 2 миң гектардан ашык. Бул жагдайды жөнгө сала турган атайын мыйзам долбоору иштелип жатат.

Show More
Back to top button