Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
«Жер балансы» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыкты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

«Жер балансы» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыкты

«Санариптик Кыргызстан» программасын ишке ашыруу максатында «Жер балансы» автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын жер балансы боюнча вектордук жана тексттик маалыматтарды жүктөө үчүн борбордук маалымат базасы жана жер фондун графикалык эсепке алуу системасы түзүлдү. Ошондой эле веб-ресурс (геопортал) иштелип чыкты. Санариптик продукт убактылуу виртуалдык серверде жайгаштырылган. Башка маалымат ресурстары менен интеграциялоо, маалыматтарды жүктөө, отчеттуулук ж.б күтүлүүдө.Тестирлөө иштери жүрүп жатат.

Жер балансы жерлердин категорияларын, түрлөрүн, менчик ээлери жана жерди пайдалануучулар боюнча бөлүштүрүлүшүн, ошондой эле жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын компетенциясынын чегинде жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууну (трансформациялоо) чагылдырган документ.

«Жер балансы» АИСтин негизги максаттары:

– жер участоктору боюнча эсептик маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну жана сактоону жана аларды картографиялык материалдар менен байланыштырууну автоматташтырууну камсыз кылуу;

– маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;

– бардык катышуучулардын өз ара аракеттенүүсү үчүн толук же жарым-жартылай бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти камсыз кылуу;

– катышуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүү процесстерин жөнөкөйлөтүү.

Show More
Back to top button