Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо аяктады – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо аяктады

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан 2023-жылдын ноябрына карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо, вегетациялык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолоруна кам көрүү, ошондой эле 2023-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндеринин күздүк себүү боюнча иштер улантылды.

Бүгүнкү күндө республика боюнча кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери аяктады. Мында жалпы айдоо аянтынан 232,0 миң га же 100% буудай жыйналды. Арпа 239,2 миң га же 100% жыйналды.

Буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча эң жакшы натыйжаларга Жалал-Абад облусунун айылдык товар өндүрүүчүлөрү ээ болушту, алар орто эсеп менен 25,8 ц/га дан жыйнашты. Арпа боюнча Нарын облусунун талаалыктары алдыда, алар орточо алганда 21,4 ц/га түшүм алган.

Жалпысынан республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы 867,4 миң тоннаны түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 297,4 миң тоннага аз, анын ичинде буудай 464,2 миң тонна, бул 161,0 миң тоннага аз, арпа – 403,2 миң тонна, бул өткөн жылдын деңгээлинен 136,4 миң тоннага аз.

Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча картошка 72,5 миң га аянттан жыйналды, же оруп-жыюу аянтына карата 100%, бул өткөн жылдын деңгээлинен 1,7 миң га аз. Бул учурда сатыкка чыгарыла турган картошканын орточо түшүмдүүлүктү 175,1 ц/га түзгөн, бул өткөн жылга караганда 3,8 ц/га көп. Ошол эле учурда 1272,8 миң тонна картошка жыйналды, бул дагы өткөн жылдын деңгээлинен 2,1 миң тоннага аз.

Show More
Back to top button