Важные новости

Талас облусунда жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүүнүн агротехникасы боюнча окутуу болуп өттү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба жайыт жана тоют департаменти Талас облусунун Бакай Ата, Талас, Манас жана Айтматов райондоруна төмөнкү темаларда окутуу уюштурду:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №735 Токтомунун ишке ашырылышы;
– жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын түзүү;
– жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүүнүн агротехникасы;
– асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө;
– малдын асылдуулугун жакшыртуу.
Окутууга райондук Мамлекеттик админстрация башчыларынын орун басарлары, Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, Айыл аймагынын башчылары, жайыт адистери, Муниципиалдык ишканалардын адистери катышышты. Окутуунун жүрүшүндө жаңы түзүлгөн муниципалдык ишкананын иштөө тартиптери, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын түзүү жөнүндө көп суроолор берилди. Катышуучулар берилген суроолорго толук жооп алышканын жана ошондой эле өткөрүлгөн окутуу кызыктуу жана түшүнүктүү болгондугун, практиалык иште керек болоорун билдиришти.

Show More
Back to top button