![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/п.jpg)
2023-жылдын 16-февралында, КР АЧМнин Ветеринардык кызматы менен Балык чарба департаменти биргеликте Россия Федерациясына форель жана форель икра продукцияларын ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилгендигине байланыштуу балык чарба ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/п1-5-1024x682.jpg)
Жыйындын жыйынтыгында балык чарбалар, балыкты кайра иштетүүчү ишканалар жана экспортерлор 9 балык чарбасына текшерүү жүргүзүү үчүн Россельхознадзордун өкүлдөрүн чакыруу чечими кабыл алынды.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/п2-9-1024x682.jpg)
Ветеринардык кызмат менен Балык чарба департаменти кыска мөөнөттө 9 балык чарбасын уюштурууну жана инспекциялоону камсыз кылат.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/п3-2-1024x682.jpg)