
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 17-мартынын № 140 токтому менен алты айлык мөөнөткө экспорттоого тыюу салуу белгиленген, бул токтом жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирген, башкача айтканда 2022-жылдын 24-мартынан 25-сентябрына чейин экспортко убактылуу тыюу салуу күчүндө болгон, демек, жогоруда аталган токтом 2022-жылдын 24-сентябрынан тартып күчүн жоготкон.