Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтынын жетекчиси дайындалды – Министерство водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики
Без рубрикиЖерди жана сууну көзөмөлдөө кызматыНовости

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтынын жетекчиси дайындалды

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У.Жапаровдун 2022-жылдын 12-июлундагы буйругу менен Мамбетаипов Кабылбек Маматжанович, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын директору болуп дайындалды.


К.М. Мамбетаипов аталган кызматка дайындалганга чейин мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта ар түрдүү жетекчилик кызматтарды аркалап келген. Акыркы ээлеген кызматы- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары болгон.


К.М. Мамбетаипов 1969-жылы 2-январда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кашка-Терек айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1996-жылы «Инженер-гидромелиоратор» адистиги боюнча Кыргыз Агрардык академиясын бүтүргөн. 2000-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча билим алган. Класстык чени: Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Р Е З Ю М Е

Мамбетаипов Кабылбек Маматжанович

Туулган жылы: 02.01.1969 ж.

Туулган жери: Кашка-Терек айылы, Сузак району, Жалал-Абад облусу

Улуту: Кыргыз

Жарандуулугу: Кыргыз Республикасы

Тил билүүсү: кыргыз, орус, өзбек

Шайлануу органдары: 1999-2004 жж.- Айылдык кеңештин депутаты, 2008-2012-жж.-Сузак райондук кеңешинин депутаты

Класстык чен: Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси

Билими: Жогорку. 1. 1996-жыл – Кыргыз Агрардык академия, адистиги- «Инженер-гидромелиоратор»  2. 2000-жыл – Жалал-Абад мамлекеттик университети – адистиги “Бухгалтердик эсеп жана аудит».  

Эмгек ишмердиги:

  1. 1986-1987-жж. – Сузак районунун “Сузак” совхозунун жумушчусу;
  2. 1987-1989-жж. – Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  3. 1989-1990-жж. – Сузак районунун  «Билфабрика» ишканасынын лаборанты;
  4. 1990-1991-жж. – Сузак райкомсомолунун инструктору;
  5. 1991-1992-жж. – Сузак райондук жаштар комитетинин төрагасынын орун басары;
  6. 1992-1993-жж. – Сузак райондук жаштар комитетинин төрагасы;
  7.  1993-1997-жж. –Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын ӨК жана ЖК бөлүмүнүн башчысы;  
  8. 1997-1998-жж. – Сузак райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары;
  9. 1998-2000-жж. – Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси;
  10. 2000-2001-жж. – Жалал-Абад шаарынын «Агрохимсервис»  АКнын төрагасынын орун басары;
  11. 2001-2004-жж. – Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси;
  12.  2004-2005-жж. – Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси;
  13. 2005-2008-жж. – Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;
  14. 2008-2011-жж. – Сузак райондук кеңешинин төрагасы;
  15. 2011-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
  16. 2012-жылдан ушул мезгилге чейин – Жеке ишкер.

Сыйлыктары:

  1. БЛКЖСнын Ардак грамотасы;
  2. Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;
  3. “Илим жана билим профсоюздарынын мыктысы” медалы;
  4. Кыргыз Республикасындагы Афганистан ардагерлер союзунун Ардак грамотасы;
  5. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин Ардак грамотасы;
  6. Кыргыз Республикасынын Илим жана билим министрлигинин Ардак грамотасы;
  7. Россия Федерациясынын Афганистан ардагерлер союзунун “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы;
  8. “Кыргыз Республкасынын муниципалдык кызматынын мыктысы” медалы;  
  9. Почетная грамота Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;  
  10.  Сузак райондук кеңешинин чечими менен “Сузак районунун ардактуу атуулу” наамы берилген.
Show More
Back to top button