Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министри А.Джаныбеков Өзбекстан Республикасынын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бахром Норкабилов менен жолугушту – Министерство водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики
Без рубрикиВетеринардык кызматНовости

Айыл чарба министри А.Джаныбеков Өзбекстан Республикасынын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бахром Норкабилов менен жолугушту

Айыл чарба министри А.Джаныбеков Өзбекстан Республикасынын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бахром Норкабилов менен жолугушту.

Бул жолугушууда тараптар ветеринария жана мал чарбасы тармагындагы жаңы келечектүү багыттарды талкуулашты.

Тактап айтканда, эки өлкөнүн ортосундагы мал чарба продукциясын жүгүртүүнү жогорулатуу максатында мал чарба продукциясын экспорттоочу ишканаларды эки өлкөнүн реестрине киргизүү маселелери изилденген.

Балык чарбасы жана аквакультура жана асыл тукум чарба чөйрөсүндөгү кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, илим жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо жана бул тармакта кадрларды даярдоо маселелери, ошондой эле малдын экспорттук-импорттук процесстерин жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштар айтылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар Өзбекстан Республикасынын Ветеринария жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитети менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы ветеринария жана мал чарбасы жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюуну макулдашышты.

Show More
Back to top button