Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токсикологиялык көзөмөлдөө лабораториялары – Министерство водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики
Без рубрикиНовости

Токсикологиялык көзөмөлдөө лабораториялары

Жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын оптималдуу нормаларынын сапаты жана өз убагында колдонулушу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмүн алуунун күрөөсү болуп саналат.

Борбордук жана Ош атайын адистештирилген токсикологиялык көзөмөлдөө лабораторияларынын негизги милдети республиканын облустарынан жана райондорунан келип түшкөн минералдык жер семирткичтердин жана пестициддердин сапатын, ошондой эле алардын өсүмдүк продукциясындагы, топурактагы жана суудагы калдыктарынын санын аныктоо болуп эсептелет✅

Ушул жылдын январь айынан баштап май айына чейин Борбордук атайын адистештирилген токсикологиялык көзөмөлдөөчү лабораториясына (БААКТЛ) жалпысынан 258 үлгү келип түшкөн, жасалган анализ 1445.

Ал эми Ош атайын адистештирилген токсикологиялык көзөмөлдөөчү лабораториясына (ОшКТЛ) жалпысынан 66 үлгү келип түшкөн, жасалган анализ 496✅

БААКТЛ жана ОшКТЛ төмөнкүдөй 4 багыт боюнча иш алып барышат жана үлгүлөргө карата баалары:

1. Минералдык жана органо-минералдык жер семирткичтердин сапатын аныктоо 1 үлгү үчүн – 1572 сом;

2. Пестициддердин сапатын аныктоо 1 үлгү үчүн – 1572 сом;

3. Сууда, топуракта айыл чарба өсүмдүк продукцияларындагы пестициддердин калдыктарын аныктоо 1 үлгү үчүн – 1572 сом;

4. Топурактын күрдүүлүгүн аныктоо 1 үлгү үчүн – 1034 сом;

Агрохимиялык анализдин жыйынтыгы боюнча элементтердин тартыштыгын белгилөөгө болот.

Топурактын асылдуулугун жогорулатуу үчүн кандай минералдык жана органикалык жер семирткичтерди колдонуу керек жана канча өлчөмдө керек экенин анализдин жыйынтыгы менен билсе болот✅

Лабораториялардын адресттери жана байланыш номерлери:

БААКТЛ Чүй областы, Сокулук району,Военно-Антоновка а.,Токтогула 3 к-сү.

ОшКТЛ Ош областы. Ош шаары Кара-Суу к-сү 2.

📲Телефондор: 03222 8-44-33, 0778 828 716, 0500 003 051

Show More
Back to top button