Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Кампа күбөлүктөрүң күрөөгө коюнун негизинде каржылоо механизимдери” – Министерство водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики
Без рубрики

“Кампа күбөлүктөрүң күрөөгө коюнун негизинде каржылоо механизимдери”

18-майда Бишкек шаарында Плаза отелинде “Кампа күбөлүктөрүң күрөөгө коюнун негизинде каржылоо механизимдери” темасында тегерек стол болуп өттү.

Бул тегерек столду ЮЖБ “Кыргызстандын банктар союзу”  жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги биргелешип Министрликтин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Базарларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу» долбоорунун алкагында жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын активдүү катышуусу менен өткөрдү.

          В работе круглого стола презентована проделанная работа со стороны ОЮЛ «Союз банков Кыргызстана» и ОРСП в рамках проекта АБР и ими демонстрирована механизмы введения бездокументарного обращения складских свидетельств в Автоматизированной информационной системе «Складские свидетельства», разработанного в рамках Проекта АБР.

Тегерек столдо АӨБ долбоорунун алкагында ЮЖБ «Кыргызстандын банктар союзу» жана Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан аткарылган иштер көрсөтүлдү жана алар «Складдык квитанциялар» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна кампа чектерин кагазсыз жүгүртүүнү киргизүү механизмдерин көрсөтүштү.

Айыл чарба министрлиги кампа күбөлүктөрү менен камсыздалган каржылоо механизмдерин, кампаларды бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоонун тартибин, кампалардын класстарына талаптары менен тааныштырды. Ал эми министрлик тарабынан өз кезегинде товардык кампалардын бирдиктүү реестрине каттоо үчүн, атайын сайтка маалымат жайгаштырылгандыгы https://agro.gov.kg/language/kg/6565 айтылды.

Кампа күбөлүктөрүнүн негизинде каржылоо фермерлерге финансылык колдоо көрсөтүүнүн жана кампа инфраструктурасын өнүктүрүүнүн дагы бир формасы болуп саналат.

          Сүйлөштү: Абдраев Анвар Карикеевич, Сарбанов Улан Кытайбекович, Каракожоев Алмазбек Мейманович, Тулеев Тамчыбек Карыбекович.

          Иш-чаранын аягында аталган долбоордун алкагында региондордо фермерлерди таанышьыруу, автоматташтырылган системанын иштөөсү тууралуу окутуу да пладаштырылып жаткандыгы баяндалды.

Тегерек столдо көтөрүлгөн маселелердин жана сунуштардын жыйынтыгы боюнча АӨБ Долбоорунун алкагында иштелип чыккан «Кампа күбөлүктөрү» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна кампа чектеринин документтик эмес жүгүртүүсүн киргизүү механизмдери, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелер, фермерлер, кайра иштетүүчү ишканалар менен биргеликте мамлекеттик органдарда эсеп жүргүзүүнүн жана каттоонун тартиби кошумчалап каралып чыгат.

Show More
Back to top button