Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2022-жылга Суу ресурстары кызматынын карамагындагы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууг – Министерство водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики
Без рубрики

2022-жылга Суу ресурстары кызматынын карамагындагы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууг

2022-жылга Суу ресурстары кызматынын карамагындагы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга республикалык бюджеттен 1,0 млрд.сом өлчөмүндө акча каражаттын бөлүнүүсү күтүлүүдө. Бул каражатка 176,3 км каналдардын оӊдоо, 77,4 км каналдардын бетондоо, 712,1 км каналдардын механикалык тазалоо, 619 гидротехникалык курулмалардын, 340 суу өлчөөчү посттордун, 105 насостук станциянын, анын ичинде 236 насостук агрегаты оӊдоо, 72 насостук агрегатын жаӊылоо, 28 скважинанын оӊдоо, 14 суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 9 суу сактагычтардын оӊдоо жана тазалоо иштери, ошондой эле 276,8 км коллектор-дренаждык тармактын оӊдоо жана механикалык тазалоо иштерин аткаруу мерчемделүүдө.

Суу ресурстары кызматынын карамагындагы түзүмдүк бѳлүмдѳргѳ, анын ичинде 7 Башкы жана 40 райондук суу чарба башкармалыктарына, 4 Суу сактагычтар башкармалыктарына республикалык бюджеттен «капиталдык оӊдоолор» беренеси боюнчаянварь айында 162,4 млн.сом, март айында 360,4 млн.сом, 26-апрелинде 100,4 млн.сом ѳлчѳмүндѳ акча каражат бѳлүнүп, каралган акча каражаттын 60% бөлүнүп берилди. Бѳлүнгѳн каражатка 2022-жылдын 13-майына карата аталган түзүмдүк бѳлүмдѳр тарабынан 552,4 км чарба аралык каналдардын механикалык тазалоо, 85,9 км чарба аралык каналдардын оӊдоо,19,2 км каналдардын бетондоо464 гидротехникалык курулмалардын, 264 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 92насостук станцияларда оӊдоо иштери жүргүзүлүп, анын ичинде 33насостук агрегаттарды жаӊылоо иштери, 23,7 км коллектордук-дренаждык тармактарда механикалык тазалоо жумуштары аткарылууда.

Show More
Back to top button