2024-жылдын 13-майында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жетекчилиги Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) Программасынын Миссиясынын өкүлдөрү жана “Айыл Банк” ААК, “РСК Банк” ААК өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда айыл чарба жана атайын техникаларын, кайра иштетүүчү ишканалары үчүн машиналарды жана жабдууларды лизингге алуу үчүн Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) каражаттарынан 45,0 млн. АКШ доллары суммасындагы инвестициялык кредитти тартуу билдирмесинин долбоору талкууланды.
Долбоорду ишке ашыруу боюнча маселелер, мөөнөттөрү, негизги этаптары, буга чейинки окшош долбоорлорду карап чыгуу, долбоорду ишке ашыруудагы оң жана мүмкүн болуучу терс жактары, жыйынтыктары жана мониторинги талкууланды. Ошондой эле миссиянын өкүлдөрү финансы уюмдарынын жана банк секторунун өкүлдөрү менен жолугушту. Миссиянын иши 17-майга чейин айрым айыл чарба субъекттерин жайгаштыруу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө сунушталган техника менен таанышуусу улантылат.